УКМК: жабыркаган жоокерлерге акча чогултууга багытталган акциялардан баш тартууга чакырат

Мезгил

Кой-Таштагы окуядан жабыркаган атайын кызматтын аскерлерине кымбат дары-дармектин керектигинен улам акча чогултулуп жатканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Кой-Таштагы окуяда жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө жана керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган.

Ал эми УКМК жарандардан жаракат алган жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырат. Эгерде так маалыматтарды алгыңыз келсе 0312 66 04 75 номуру боюнча УКМК нөөмөт кызматына байланышыңыздар.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *