УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев “кызматтан кетем” деген сөзүнө турабы?

   Мезгил

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кете тургандыгы тууралуу буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирген.

 Ал 7-августтагы Кой-Таштагы  ийгиликсиз опрерация үчүн мындан ары иштөөгө УКМКны жетектөөгө укугу жок экендигин мойнуна алып кызматтан кете тургандыгын айткан. Ал эми президент Опумбаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл албай, бул иштин аягына чыгышы керектигин айткан болчу.

Кой- Таштагы окуядан бир апта өткөн соң УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашакар Жунушалиев, жана Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовтор маалымат жыйын беришкен. Жыйында Опумбаев “бул иш аягына чыкканда кызматтан кетесизби” деген суроого:   

“Кызматтан кетем дедимби кетем. Мына ушул иштерди бүтүрүп,  баардыгын   отургузайын, өзгөчө менин кызматкерлеримди  сабагандардын  баарын мыйзам түрүндө отургузуп туруп анан коркпоңуз  кызматтан кетем”-деп опурулган.

Опурулган  Опумбаев сөзүнө турабы же коёндун сүрөтүн  тартып кетеби  көрө туралы.  

Эске салсак,  7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча УКМК тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн.  Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Аскерлердин бири алган жаракатынан улам каза болгон.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *