УКМКнын чек арачыларды оюн менен сыноосу

  Мезгил

Таң калыштуу окуялар Кыргызстанда көп эле болуп турат. Таң калыштуу окуяларга таң калыштын өзү деле таң калыштуу болбой баратат. Анткени эл ишенген олуттуу органдардын бири болгон УКМКнын кызматкерлери окуу-машыгуу иштерин калк көп жайгашкан жерлерде олуттуу түрдө өткөрүп жатса анан эменеге таң калмак элек.

Айтайын дегенибиз өткөн аптанын этегинде “Чалдыбар – Автодорожный” Чек ара көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда чек ара кызматкерлерине пара берип жаткан белгисиз кызматкерди кармоо учурунда, ал атайын кызматтагылар барган кичи автобустун айнектерин талкалап качып кеткендиги тууралуу маалымат жазганбыз. Бул тууралуу эрте менен жолго чыккан калк талкаланган кичи автобустун сүрөтүн тартып, социалдык тармактар аркылуу жайылтып, окуя болгон жерге журналисттер да жетип барган. Анда атайын окуу иштери жүргүзүлгөн деп айтылган менен, калктын калың катмарына окуянын чоо-жайы жеткиликтүү боло берген эмес.

Көрсө, 28-сентябрь күнү Чек ара кызматынын чыйрактыгын текшерүү максатында УКМК сыноо иретинде окуу уюштуруптур. Анда түнкү 1:30да чек ара кызматында иштебеген, мыйзам бузган айтайын киши кармалат. Чек арачыларды сынаган окуу, УКМК кызматкерлеринин кичи автобусунун айнектеринин сынышы жана эскертүү иретинде асманга атылган октон кийин йгиликтүү аяктап, таңкы саат 5:00дө “Чалдыбар – Автодорожный” Чек ара көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунан чыгып кетишет.

Мына ушундай элди дүрбөткөн окуя УКМКнын чек арачылардын чыйрактыгын сынаган окуусу болуп чыга келди?!

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *