УКМКнын сурагына кирип кеткен Бабанов унаасыз калды

   Мезгил

УКМКга сурак берүү үчүн кирген  Өмүрбек Бабановдун унаасын  Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы айып аянтчасына алып кетишти.

 Маалыматка ылайык,  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Бабановго таандык болгон B7700AA номерлүү  жолтандабастын терезелери караңгылатылгандыгы үчүн айып аянтчасына алып кетишкен.  

Бабанов 4 саатка жакын убакыттан бери УКМКнын сурагынан чыга элек.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Башкы прокуратура тарабынан президенттикке талапкер учурунда  2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүүгө кирип кеткен.   

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *