УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетти

   Мезгил

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетти. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.Тиешелүү буйрукка президент  Сооронбай Жээнбеков кол койду.

 Маалым болгондой, Кадыркулов отставкага кетүүсүн азыркы паспорт чырына байланыштырган.

“Акыркы убактарда жалпыга маалымдоо каражаттарында, өзгөчө өкмөттүк эмес уюмдарда биометрикалык паспортторго бланктарды сатып алуу боюнча териштирүү иштери УКМК тарабынан объективдүү эмес жүргүзүлүп, иште менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат.

Мамлекеттик комитет тарабынан бул материалдар, Мамлекеттик каттоонун кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланганы боюнча жетиштүү далилдер бар экендиги тууралуу бир нече пресс-релиздер берилген. Буга карабастан бул абал коомчулуктун реакциясына кабылып жатат.

Бул кырдаалды эске алуу менен, тергөөдө менин эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан кетүүнү чечтим”, – деп билдирген ал.

Эске салсак, Идрис Кадыркулов УКМКнын жетекчиси болуп 2018-жылы 20-апрелде дайындалган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *