Украинада бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды

Мезгил

Украинада бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.   

 Маалыматка ылайык,  президент Владимир Зеленский Тегеранда кулаган учакка байланыштуу бүгүн Украинада аза күтүү күнү деп жарыялады.  

  Бүгүн мамлекеттик желек түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар болбойт.

 Эске салсак,   кечээ 8-январда Украинанын Киев шаарына багыт алган учагы Иранда кырсыкка кабылган. Учакта 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү  болгон. Алардын баардыгы каза болду. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *