Украинада карантин 22-майга чейин узартылды

Мезгил

  Украинада карантин 22-майга чейин узартылды. Бул тууралуу “Риа новости” жазды.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинети карантинди 22-майга чейин узартуу чечимин кабыл алышты. Аталган өлкөдө карантиндин мөөнөтү 11-майда аяктамак.

Белгилей кетсек,  11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Учурда дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 3,3 миллионго жетти. Ал эми каза болгондор 240 миңди түздү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *