Украинанын премьер-министри отставкага кеттүү тууралуу арыз жазды

Мезгил

Украинанын премьер- министри Алексей Гончарук отставкага кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

“Мен бул кызматка президенттин программасын аткаруу үчүн келгем. Президент мен  үчүн ачыктыгы жана салабаттуулугу менен үлгү болгон. Бирок, биздин ортобуздагы мамилелерибизге жана ишенимдерибизге  ар кандай күмөн саноолор болбош  үчүн арызымды жаздым. Президенттин парламентте кароосуна жибердим”-дейт премьер-министр. 

Владимир Зеленский суранычын кабыл алды жакынкы убакта арызын карап чыгат. Президентке чейинки  “Элдин кулу” (“Слуга народа”) фракциясы мамлекет башчы макул болсо анын премьердин отставкасын колдошот.  

Мурун Украиналык сайттарда Гончарукту ылайыксыз деп жумуштан кетирүү боюнча ойлорун айткан лидерлер пайда болгон.

Өкмөт башчы болжолдуу   декабрь айында  министрлер жана бир нече ведомстволордун башчылар менен  “Президентти кантип алдаш керек” деген темада расмий эмес жыйын өткөргөндөгү тууралуу  аудиоролик чыккан. Аудиороликте  Зеленский жөнүндө жаман сөздөр айтылып, тактап айтканда “Экономикалык процессте примитивдүү түшүнүк”  тууралуу сөздөр айтылган.

Украинанын маалымат кызматы  бул ролик жасалма экени айтып, көрө албаган адамдар тарабынан жасалгандыгын билдиришкен. 

Белгилей кетсек, Гончарук былтыр 29-августта премьерлик кызматка келген. Ага чейин президенттин офисинин жетекчисинин орун басары кызматында иштеген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *