Укук коргоочу Акин Токталиев жаңы кызматка дайындалды

   Мезгил

Укук коргоочу Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жетекчи болуп дайындалды.

 Тиешелүү  жарлыкка президенттин милдетин аткаруучуну, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.    Ал эми бул кызматты мурда аркалап келаткан Зайырбек Эргешов кызматынан бошотулду.

Акин Токталиев «Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети» коомдук бирикмесинин жетекчиси, диний экстремизм жана терроризм үчүн айыпталып жаткандардын укугун коргогон адвокат катары белгилүү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *