Улугбек Ормоновдун “Замандашка” кошулушу көп жагынан утуш болобу?

    Мезгил

    Парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты Улугбек Ормоновдун келечекке карай “Замандаш” партиясын тандоосу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Карапайым элдин, өзгөчө алыс-жакындагы мигранттардын кызыкчылыгын коргогон, саясатта бийликчил эмес, радикалдуу оппозиция да эмес, центристтик позицияны карманган партияга бараандуу инсандын кошулушу албетте, упай алып келээри бышык да. Дал ушул Улугбек Ормонов 2006-2007-жылдары парламенттеги миграция комитетинин төрагасы кезинде Россиянын ондогон шаарларындагы мигранттар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн көтөрүп жүргөн аракеттерин билебиз. Бул жагынан алганда “Замандаштын” тагдырына өзүнүн басып өткөн ишмердүүлүгү үндөшүп кетет. Андыктан, түштүктөн чыккан “оор калибрдеги” инсандын бул партияга кошулушу сөзсүз түрдө “Замандаштын” жеңиши менен жыйынтыкталабы? Анан калса түштүктө калың колдоочулары бар Ормонов шайлоо маалында кайсы топ менен жарышка чыкса, ошол саясый күч сөзсүз жеңишке жетери саясаттагы жакынкы тарыхыбызда далай ирет далилденген. Ормоновдун таза партияга кошулганынан чочулап, түн уйкусу кеткендеринин жөнү ушул жакта катылып жатыптырбы? Биз жакынкы күндөрү Улукенин өзүн бул темада кепке тартмакчыбыз.      

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *