Улук Ормонов кичи мекенине миллиондор менен кайрымдуулук кылууда

   Мезгил

   Эзели чөп башын сындырбагандар социалдык түйүндөр аркылуу азыркыдай оор шартта четтен чыгып, акыл үйрөтсө жанына киши чыдап тура албагандай окуялар баштан өтүүдө. Калкына кылган жакшылыгын жарнамалап, анысын бетке кармабагандарды карап туруп жөн гана жылуу сөздү кантип жазбай коебуз? Кеп кезеги келгенде адилеттүү пикирди айтпасак анда эки бутту неге шилтеп жүрөбүз? Чынбы? Эл башына түшкөн апаатта эл өкүлү Улукбек Ормонов четте карап турбай, Өзгөн районундагы бейтапканаларга ушул күндөрү кислороддук концентратордон 3 даананы жана райондогу муктаждарга колдон келген көмөгүн көрсөтүп кайтты. Карантин учурунда да жөн жатпай, кичи мекенине миллиондогон каражаттарга ун-чайын алып берип, эл үчүн колдон келгенин кылууда. Мындан башка да кайрымдуулук иштерин тизмектесек сөзүбүз узарып кетчүдөн. Албетте, кылган жакшылыгы Кудайдан кайтат деңизчи? Ошентсе да калк башына кыйын күн түшкөндө мындай азаматтарыбыздын ишин алкап, баалап койгонду да билели да.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *