Улукбек Кочкоров: Кызматтан кеткеним трагедия эмес!

Мезгил

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров фейсбуктагы  баракчасы аркылуу кызматынан алынганы тууралуу маалымат берди.

Ал өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткенин башкалар сыяктуу эле интернеттен билген.

 “Өзүмдүн өз каалом менен арыз жазып жумуштан кеткендигим тууралуу сиздер сыяктуу эле интернеттен билдим, бирок бул трагедия эмес, мени ойлондурганы Кыргыз өлкөсүнүн азыркы абалы. Тилекке каршы Кыргызстан бүгүн чоң коркунучта”, – дейт ал.

 Президенттин басма сөз кызматы Кочкоров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан өзү жазган арыздын негизинде кеткенин билдирген.

Кочкоров министр болуп 2018-жылдын 25-октябрынан ушул жылдын 27-октябрына чейин иштеген.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *