Улукбек Ормонов: Мүлк толугу менен мамлекеттин карамагына алынууга тийиш

   Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеӊеште кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.  

Жыйында депутат Улукбек Ормонов кесиптик бирликтердин карамагындагы жерлер менен мүлктөр жеӊ ичинен сатылып жатканын билдирди.

“Кесиптик бирликтин мүлкү анын азыркы жетекчилеринин жеке менчиги эмес, ал жалпы элдин каражатынан куралган. Менимче, мыйзамды дагы катуулатуу керек. Мүлк толугу менен мамлекеттин карамагына алынып, анан ал кесиптик бирликтердин убактылуу ишенимдүү башкаруусуна берилүүгө тийиш. Ошондо көзөмөл болот, тартип орнойт”, – деди ал.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *