Улукбек ОРМОНОВ: “Тендерди күтпөй, дары чыгарган ишканалар менен түз келишим түзүү учурдун талабы”

Мезгил

–Улук мырза, өлкөбүздү азыркыдай оор кырдаалдан чыгарып кетүү боюнча бийликке кандай сунуш айтаар элеңиз? Туура, бүгүнкү бийликке оор сындарды баарыбыз жабыратуудабыз. А бирок, мындай шартта элим деген эрендердин жагымдуу сунуш берүүсү да маанилүү эмеспи. Бул өңүттөн алганда сизде кандай сунуш бар?

–Азыркы шартта ар кимибиз колубуздан келген жардамды беришибиз керек. “Андай кыл, мындай кыл” – деп сын тагуу оңой. Мен учурдан пайдаланып жалпы элибизге ыраазычылык билдирет элем. Өзгөчө сыртта жүргөн жарандарыбызга. Учурда өмүрүн тобокелчиликке салышып ак халатчан медицина кызматкерлерибиз келип жатышат. Төгөрөктүн төрт бурчунан колунан келген жардамын бергендерден күнүбүз куру эмес.

Өздөрү кыйналса дагы ошого карабастан жардам берип жатышат. Өзүбүздөн чыккан ишкерлер, волонтерлор баары азамат. Алардын катарындагы журналисттерибизге дагы сөз жок. Азыр өкмөт мүчөлөрү, министрлер эл үчүн иштей турган убакыт. Таза келген акчаларды эффективдүү колдонуп беришсе эле баары жакшы болот. Азыркыдай шартта тендер деп отура бербей, дары-дармек чыгарган ишканалар менен түз келишимдерди түзүп, тез арада дары менен камсыздоо убакыттын кечиктирилгис талабы болууда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *