Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Шайлоодо бийлик тарабынан бурмалоолор болсо элдин нааразычылыгы болушу мүмкүн”

     Мезгил

Улук аке табиятынан мекенчил. Эл дегенде ичкен ашын жерге таштаган инсандардан. Кыргыз парламентинин бир канча чакырылышынын депутаты катары өзүнүн мамлекетчил инсан экенин далилдеп келе жатат. Алдыдагы аламан жарышты утурлай бул инсан менен азын-олак, үзүл-кесил тейде маектештик.

–Улукбек мырза, көпчүлүк сизди бир канча чакырылыштын депутаты гана эмес, кичи мекенине материалдык жактан зор жардам берген меценат инсан катары билишет. Айтыңызчы, алдыдагы аламан жарышка аттанып жатып, бул өнөктүктө канча каражатты коротууну самап жатасыз? Дегеле партиянын фондуна канча каражат жардам кылдыңыз?

–Албетте, колуман келген жардамымды элден аянбай эле берип келем. Анымды айрымдарчылап төш кагып, мактанган жерим жок. Ал эми партиянын фондуна мыйзамдуу сумманы төгүп, колдоп берем. Четте калбайбыз айтор…

–Бир катар саясат талдоочулар, жарандык активисттер парламенттик шайлоодон соң Белоруссиядагы көрүнүш Кыргызстанда да кайталанышы мүмкүндүгүнөн кеп кыйытышууда. Мындай анализдерге сиздин пикириңиз кандай?

–Албетте, алдыдагы парламенттик шайлоо таза өтпөй, бийлик тарабынан бурмолоолор, мыйзамдан тыш көрүнүштөр болгон болсо жалпы элдин нааразычылыгы болушу толук ыктымал. Бирок, кыргыз бийлиги мындай жолго барбайт деп ойлойм. 2005-жылдагы, андан кийинки 2010-жылкы окуялар бийлик үчүн сабак болгон.

Өлкөдө абал чындап оор. Элде акча жок. Мамлекеттик казына миң жеринен жамаачы болгону белгилүү болду. Тажрыйбасыз кадрлар болгон креслону мыкчып коюп отурушат. Айтыңызчы, не кылыш керек? Өлкөнү чөктүрүп ийбейбизби?

–Ааламды каптаган ааламат оору бизди эле эмес, дүйнөнүн мыкты өлкөлөрүн дагы алдастатып койду. Экономикалык абал оор! Ошондуктан, белди бекем бууп, элге таянып, мамлекеттик казынага, сырттан келген жардамды туура пайдаланып, уурдабай иштесе өкмөт бул абалдан чыгып кетерибизге мен ишенем.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *