Улуттук банк «Мобильник» ишканасынын лицензиясын кайтарып алды

  Мезгил

Улуттук Банк  «Мобильник» электрондук капчыгына 2015-жылдын 29-майында берилген 2003290515  жана 3002290515 номурлуу лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу кечээ, 17-майда Улуттук банк расмий сайтына жарыялады. 

Маалымдалгандай, мунун себеби катары, Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө аткарбагандыгы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, «Моменталдуу төлөмдөрдүн бирдиктүү системасынын» лицензиясы да убактылуу токтотулган.

 

«Лицензиялардын кайтарылып алынгандыгы «MOBILNIK» (Мобильник) жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын төлөм системинин абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт»,— деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Улуттук Банк «Мобильник» электрондук капчыгынын лицензиясын үстүбүздөгү жылдын февраль айында эле чектөөгө алган болчу. Мындан улам, көптөгөн компаниялар бул электрондук капчык менен иштешүүдөн баш тарткан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *