Улуттук көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Чүй облусу чемпион болду

   Мезгил

Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча  Чүй облусу чемпион болду. Алар  финалда  Ош облусун 14:1 эсебинде талкалады.

Ал эми үчүнчү орунду Талас командасы ээледи.

Алар коло медаль үчүн беттеште Бишкек шаарын 11:2 эсебинде жеңип алган.

Эске салсак, Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында, ошондой эле, ордо, күрөш, салбуурун, тогуз-коргоол, ат чабыш, эр эңиш жана башка спорттун түрлөрүндө медалдар ойнотулуп жатат.

Турнирге жети облус жана Бишкек менен Ош шаарларынан командалар катышууда. 

Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сом.

Ал төмөндөгүдөй бөлүнөт:

1-орунга — 300 миң сом;

2-орунга — 200 миң сом;

3-орунга — 100 миң сом;

4-орунга — 50 миң сом;

5-9-орундарга 30 миң сомдон берилет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *