Унаа номурларын камера көрбөгөндөй кылып жашыргандар айып төлөйт

Мезгил

Унаа номурларын камера көрбөгөндөй кылып өзгөртүү же жашыруу үчүн айып салынат. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

 Маалым болгондой, жол инспекторлору көчмө комплекстер менен шаар көчөлөрүн кыдырып, дал ушундай учурларды аныкташат.

Белгилеп кетсек, мамлекеттик номурлардын жаап-жашыруу үчүн айып физикалык жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сомду түзөт.

“Вега” компаниясынын ишендиришкендей, номурга ар кандай пленкаларды, торлорду чаптоо камераларга таасир тийгизбейт, алар канткен учурда дагы номурду каттоого ала алат. Социалдык тармактарда номурларын ылай менен шыбап салган унаалардын сүрөттөрү жайгаштырылууда.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *