Уран, торий иштетүүгө тыюу салууну коё турсак кантет

 Мезгил

Кара-Балтадагы тоо кен комбинатынын жумушчулары депутаттардан уран, торий казып алуу жана иштетүүгө тыюу салууга шашпай турсаңар боло деп кайрылышты. Жумушчулар берген маалымат жыйынында комбинаттын директорунун орун басары Максим Савосиндин айтымында эгерде парламент депутаттары талкуулап жаткан мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо ишкана толук түрдө жабылып калуу коркунучунун алдында турат.

Кара-Балтадагы тоо кен комбинаты 65 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келет. Калдык сактоочу жайдагы зыяндуу заттардын негизги бөлүгү союз учурунан мурасталып калган. Максим Савосин “Учурда колдонулуп жаткан технология таштандыларды аз чыгарууга багытталган. Анда калдык сактоочу жайга суу көбүрөөк чыгарылып, ал болсо бууланып кетет. КБТКК өз эсебинен калдык сактоочу жайдын абалын жакшыртып келет. Акыркы 30 жылда калдыктардын көлөмү анчейин көбөйгөн эмес. Мыйзам жазгандар мамлекетке пайда алып келип жатабыз деп санашат. Чындыгында андай эмес. Натыйжада КБТКК жабылып калып, өлкө 52 миллион сом салыктан кур калат” – дейт.

Бери карап күлүп, ары карап ыйлай турган абал экен. Ушул парламент депутаттарынын ыкшоолугуна таң калса болот. Алакандай болгон өлкө болсок, бир бурчунан экинчи бурчуна учак менен 45 мүнөттө конуп, автомашина менен 20-30 саатта жетип бара алсак. Мобу жерде, башыңды бурсаң мурдуң тийе турган Кара-Балтага бир басып барып коюшпаптыр. Же радиациядан коркушканбы?

Ал эми “Кумтөр” конокко чакырса учуп барышат. Жок дегенде мыйзам кабыл алардан алдың эксперттик комиссия түзүп, мыйзамдын оң-терс жактарын изилдеп, талдоочулар менен кеңешип туруп анан жазышпайбы? Өткөндө профсоюздар боюнча жазылган мыйзам да ушул тейде кабыл алынды. Бизде депутаттар мыйзамды ойлонбой туруп жаратып алып, анан элге салып эксперимент жүргүзгөнгө көнүп алышкан. Жазылган мыйзамдардын кемчилигин, пайдалуу же пайдасыз экендигин элдин ызылдаганынан улам байкап билишет. Болбой калса жыл айланбай өзгөртүү киргизгенден уялышпайт. “Коопсуз шаар” боюнча айып пулдар ушундай болду го.

Мыйзам жазууда депутаттык топ мыктылап иштеп, электен өткөрүшү керек деген Курманкул Зулушевдин пикири бурмаланып, сынга алынды. Ал эми чала-могол жөрөмөлдөй коюп, мыйзам чүргөгөндөрдүн кейпи бул.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *