Урмат Барктабасов: Кыргызстандын олчойгон карызы кандайча жабылган?

Мезгил

Белгилүү коомдук ишмер Урмат Барктабасов өзүнүн фейсбук баракчасына «Кыргызстандын карызы кандайча жабылган» деген билдирүүсүн жарыялаптыр. Бул коомчулукта кызуу талкууга айланды. Тексти өзгөртпөй беребиз.

-Илгери “Кыргызгазда” иштеп турган чагым, калп айтпасам 2000 – жылдары бир күнү Миша Абызов деген досум чакырып, Москвада белгилүү бизнесмен балдар менен жолугуп калдым.

Алар Париж клуб деп эле сүйдөшүп жатышты. Акырын кулак түрсөм миллиардаган каражаттарды айтып жатышыптыр.

Ии кыргыздын карыздарын да ушинтип жапса болот турбайбы деген ой кетти. Дароо сөзгө кошулдум. Биздин да карыздарыбыз чоң, ошону жаап бербейсиңерби десем проблема жок келишим түзөлү дешти.

Бишкекке келерим менен Ахматбек Келдибековко бардым. Ахмат анда каржы министринин орун басары болчу. “Кыргызгаздын” атынан Кыргызcтандын карызын жабам деп колума кат жазып алгам.

Ал мен министр менен анан Айдар Акаев менен сүйлөшүп сизге жооп берем деди да катты алып калды.

Эртеси мага Ахмат телефон чалып «ишке ашчудай иш экен келбейсизби сүйлөшөлү» деди.

Барсам Айдар Акаев министрдин биринчи орун басары Э. Торомырзаев, Ахмат Келдибеков болуп отурушуптур.

Айдар Акаев: -Байке это серьезно, что вы написали? Вы знаете, этих людей? Это же очень серьезные люди в России? -деп суроо узатты.

-Ооба маселе жогорку деңгээлде сүйлөшүлгөн. Анткени, булар достор болот – деп жооп бердим.

-Анда эртен Москвага учуп чыгалы деди Айдар Акаев. Эртеси Москвага учуп келип, баары менен сүйлөшүп жолугууну уюштуруп койдум.

Айдар Акаев Москвада Омор Султанов (Марат Султановдун иниси) да сиз менен чогуу болот, жолугушууну уюштура бериңиздер деди. Мен баары даяр деп айттым.

Айдар Акаев эртеси Торомырзаев Эмирлан менен чогуу Москвага учуп келери менен, дароо эле ВТБ банка жөнөдүк. Ал жерде Фридман М. Авен П.О, Сысуев О.Н, Михаил Абызов деген чыгаан бизнесмендер күтүп отурган. Сысуев О.Н. Айдар Акаевге «атаңды жакшы тааныймын салам айтып кой» деди.  Себеби Сысуев мурун Казакстанда да вице-премьер болуп иштеген.

Келишимге кол коюшту. Кыргыздын болгон карызын 3 млрд долларды 30% эле нак акча менен жаап бермей болушту.  Ошону менен мен Бишкеке учуп келдим. Көп өтпөй эле Аскар Акаев балам Айдар Кыргызстандын 400 млн доллар карызын  Париж клубуна менен жаап келди деп теледен айтып калды.

Мен Ахматбек Келдибековго чалып, бизди деле кошуп койбойбу десем, Ахмат «эми мейли булар сүйлөйт да»- деп койду.

Жоону ким сайды, аты калды Манаска дечү беле… Анысы кандай … Бул окуяны айтпай эле жүргөм, бирок айтыш керек экен.. Эл билип жүрүшү керек экен.. Азыркы учурда Ахматты майда -чүйдө нерсе уурдады деп күнөөлөп жатышат, а бирок Ахматтын ушундай зор эмгеги бар эл астында… Ахматты чыгаан Эр жигит катары абдан сыйлаймын-деп жазат Урмат Барктабасов.

Эске салсак  Ахматбек Келдибеков, 2011-жылы 25-сентябрда Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарында  Кыргызстандын Эгемендүүлүк жылдарынан бери бул өлкөгө болгон 51 млн. доллар карызын кечүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жыйынтыгында бул маселе оң жагына чечилген. Мындан тышкары Түркия Республикасы Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтүү үчүн 10 млн. доллар грант берген. Бул тууралуу кыргыз басылмалары гана эмес эл аралык басылмалар да жазып чыгышкан.

Мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин айтымында бул өлкөбүздүн эгемен тарыхындагы кечилген алгачкы эң ири карыз болуп эсептелген. Бирок, мындан көп өтпөй эле Келдибековду төрагалыктан кетиришип, бул ишке да даяр “авторлор” пайда болгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *