Урмат Барыктабасов: Мекенди таштап кеткендер менен тоногондор көбөйдү

   Мезгил

Коомдук ишмер Урмат Барыктабасов  жеке кызыкчылык күч алды. Мекен унутта калды окшойт. Мекенди таштап кеткендер менен  тоногондор көбөйдү окшойт деген пикирин  өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

-Ишкерлер кыйналып калды. Мамкызматкерлердин багыты,элди жарга такап салды. Ишканалар оптом жабылып жатат. Эл? Эл болсо депутат болом(болсун) деп жанталашып отурат башка эмне кылат? Багыт жок. Мамкызматкерлер арка менен  спорт зал ачып жүрөтБолгонун көрсөтүп отурушат да.Айтоор, ар ким өз билгенин жасап отурат. Укканын, акылына жараша айтып отурат.Сабатына жараша, көргөн билгенине жараша, жазып жана окуп отурушат. Аш тандасаң аш жейсин, бок тандасан бок жейсин деген кеп болду окшойт.

 

P.S. Башкасын кое туруп  багытты талдап, тандап, талкулап алсак туура болмок. Анан багытка жараша, иш алып кетчү адамдар тандалса туура болмок. Тилеке каршы бул жок. Жеке кызыкчылык күч алды. Мекен унутта калды окшойт. Мекенди таштап кеткендер менен  тоногондор көбөйдү  окшойт. Эптеп жан багуу, күч алыптыр. Айтсан укпайт..Өзүм билем деп. Айла жок.Суу, свет,штраф, депутаттын орду, жашоо, ж.б. күнүгө кымбаттап эле жатат-дейт Барыктабасов.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *