Урмат Үсөновду кеңешчи дайындаганы министрдин “жердешчилик оорусубу” же шайлоого даярдыкпы?

  Мезгил

Эстрада ырчысы Урмат Үсөнов Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бирок, дайындоо боюнча азырынча буйрукка кол коюла элек экен.

“Ал Маданият министрлигинде кеңешчи катары штатта иштейт. Иш билги, өз көз карашы бар адис катары кеңешчи кылып дайындадым, айлыгы 15 130 сомду түзөт”, – деп билдирген ЖМКга Азамат Жаманкуловдун өзү.

     Эске сала кетчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Урмат Үсөнов ЖМК аркылуу келерки жылда Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша турганын жарыялаган. Ал эми кайсыл партиядан аттанары азырынча белгисиз. Шайлоого даярдык кеңешчилик тепкичтен башталдыбы же Маданият министринин болжогон максаты башкадабы? Айрым сынчылар министрге кеңешчи болууга Урматтан артык иштечү кишилер деле бар эле. Азамат Жаманкулов министр болуп келгени Таластык жердештерин жогорку кызматтарга көтөрө баштады.

Маселен, Мамлекеттик циркке Фархат Бекмамбетовду дайындады. Ал мурда министрликте орун басар болуп иштеген. Циркке жетекчи болуп барганы анын имаратын оңдоймун деген менен, азырынча эч кандай иш жасай элек. Эгерде Урмат Үсөнөв депутаттыка талапкерлигин коё турган болсо аны кеңешчи кылып дайындоо, элге бул  ырчы мамлкеттик кызматта иштеди эле деген пикирди жайылтуу максатында болуп жатат. Ушундай маанидеги пикирин наразы болгон топ коомчулукка билдирип келет. Эгер мында айтылгандар чын болсо, кыргыздардын башын бириктирип, агартып-көгөртө турган бакандай министрликте жаш анан да жердешчил министрдин иштеп жаткандыгына кандай пикирдесиз?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *