Вирус тараган Ухань шаарындагы Кыргызстандын жарандары мекенине бет алды

Мезгил

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын дени сак аман-эсен.  Бул туурасында Кыргызстандын тышкы иштер  министринин орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн өкмөттүн отурумунда билдирди.

Ниязалиев буга чейин Ухань шаарында 50 кыргыз жараны жашап жатканлыгын, ал эми каникулга байланыштуу көпчүлүгү эл жерине кайтып келишкенин айтты. Ал эми учурда айрымдарды билет алышып мекенине келүүгө камданышууда. 

Пекин шаарындагы Кыргыз посолунун  маалыматты боюнча, Ухань шаарында 15 кыргыз жараны бар  алардын 14ү студенттер. Алар менен электрондук почталар  аркылуу түз байланышып, дайыма кабар алып турабыз. Студенттер өздөрү жана ден соолугу тууралуу ата-энелерине жеткирип турушат. Биздин посоль  аларга консультация берүүдө.  Алардын арасында билеттер алынып, Кыргызстанга чыга тургандары да  бар.    

Нуран Ниязалиевдин айтымында бүгүнкү күндө Кытай бийлиги чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча чечим чыгара элек.

Ниязалиев биздин жарандардын арасында оору катталбаганын кошумчалады. Ошондой эле  туура маалымат жеткирүү боюнча ал маалымдоо каражатттарына кайрылып,   ашыкча кабар жеткирбөөнү, өтүндү. Ансыз да ата-энелери сарсанаа болот – дейт ал.  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *