WhatsApp-Кабар: Карыяга орой мамиле кылган айдоочуну ким жазалайт?

  Мезгил

Бишкекте  № 118-маршруттун айдоочусу жүргүнчүгө орой мамиле жасады. Бул тууралуу WhatsApp-кабарга  окурман жөнөткөн.  

 Күбөнүн айтымында бүгүн эртең менен саат 10 дор чамасында мамлекеттик 305 ANN 09 09 аймак (регион) номурлуу №118- маршрутунун айдоочусу карыя адамга орой мамиле жасаган.

 “Бүгүн эртең менен  саат 10дор  чамасында №118-маршруткада бараткам Бөкөнбай Логвиненко көчөсүнүн кесилишкен жеринен улгайган карыя маршрутканы токтотуп, араң чыгып эшикти жаба албай туруп калган ошол убакта айдоочу ага орой мамиле жасап, “эшикти жаппайсыңбы”- деп кыйкырып жиберди.  Карыя араңдап маршрутка түшкөндүктөн жаба албай жаткан.   Айдоочу кыйкырганда жини келеген карыя “сен да мендей карыйсың көрүп атпайсыңбы араң түшкөнүмдү артыман жаш кыз түшүп келе жатканынан ал жабат экен деп ойлогом”  – деп карыя айтты дейт кейиген окурман.

Окурманыбыз  аталган окуяны   видеого тартып жетише албай калгандыгын  кошумчалады.

“Карысы бардын ырысы бар” деген жакшы сөз бар кыргыз элинде.  Муну менен айтайын дегенибиз,  коомдук транспорттун айдоочуларын  көктөн түшкөнсүбөй улууларга урматтоо менен мамиле кылышса деген ойду айтмакчыбыз.

 Урматтуу окурман! Эгерде сизде дагы кандайдыр бир ушул сыяктуу окуяларга күбө болсоңуз төмөнкү телефон номерлерге WhatsApp аркылуу билдирсеңиз болот. Биздин байланыш номерлер 0773-53-56-89, 0777 87-09-09.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *