Якутия: Мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салды

Мезгил

Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салды. Мындай буйрук Саха Республикасынын башчысынын расмий (glava.sakha.gov.ru) сайтында жарыяланды.

Эми Саха Республикасынын башчысынын буйругуна ылайык патенттин негизинде иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга такси, коомдук транспорт жана жүк ташуучу унааларды айдоого тыюу салынат. Ошондой эле мигранттар  тамак-аш, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, айыл-чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында дагы иштөөгө болбойт.

Якутиянын башчысы кабыл алган бул чечимге  Россиядагы кыргыз диаспорасы макул эмес. Алар  Айсен Николаевдин айрым тармактарга иштөөгө тыюу салуу чечимине байланыштуу президент Владимир Путинге кайрылуу жолдогону жатышат. Анткени, Якутия жетекчилигинин мындай чечими Россия Федерациясынын жана Евразиялык экономикалык биримдигинин нормаларына каршы келет. Бул тууралуу “Кыргыз биримдиги” уюмунун башчысы Абдыганы Шакиров “Говорит Москва” радиосуна берген маегинде билдирген.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын аймагында 640 миң кыргыз жараны эмгектенсе, алардын 10 миңи Якутиянын аймагында.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *