Япония Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

 Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ 21-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушуу өткөрдү.

Инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017- жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

«Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, Сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков ыраазычылык менен белгиледи.

«Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү.

Шигето Танака Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.

«Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет», — деп белгиледи ал.

 «Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *