Японияда тайфундан каза тапкандардын саны өсүүдө

   Мезгил

Японияда тайфундан каза тапкандардын саны 39га жетсе,  180ден ашык адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка ылайык, учурда издөө жана куткаруу операциялары көптөгөн префектураларда жүрүп жатат.

Аларга аскер кызматкерлери дагы тартылды. Адистердин айтымында  Тайфундун кооптуу деңгээли өттү, башка күтүлбөйт. 

Эске салсак, 12-октябрда “Хагибис” тайфуну Япониянын Хонсю аралына түшкөн. Анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин жеткен

Ал эми Токиодо тайфундун ылдамдыгы секундасына 41,5 метрге жеткен. Катуу бороондун, шамалдын кесепетинен 376 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *