Ыдырыс Исаковдун башына айланган “кара булут”

   Мезгил

Журналист Ыдырыс Исаков 5 миң доллар пара талап кылганбы?

Канат Сапаев деген ишкер “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков өзүнүн журналисттик иликтөөсүндө анын ысымын атабоо үчүн 5 миң доллар пара талап кылды деген доо арызын милицияга жолдогон. Бул тууралуу арыз берүүчү өз айтып берген. “Ушул жылдын май айында кирешесин салыктан жашыргандар боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жатам деген мага байланышка чыккан. Мен аларга буга уруксатыңар жок” дедим. “Анан алар акча боюнча кыйыта баштаган учурда акчам жоктугу тууралуу айттым. Мага автомашинамды берүү тууралуу сунуш айтышты. Мен милицияга арыз менен кайрыла тургандыгымды билдиргенимде, алар кайда жазсаң анда жаз деп өздөрүнүн “кырышалары” тууралу сүрөт, фотолорду көрсөтө башташты. Алардын колдоочулары кимдер экендиги тууралуу тергөөгө билдиргенмин” – дейт ишкер Канат Сапаев.

Ишкердин айтымында анын ишканасы тууралуу интернетке видео материал чыккандан кийин ишканасы жабылып калып, 100 киши жумушсуз көчөдө калган.

  “Чындыгында андай болгон эмес”, журналисттин пикири

Ал эми журналист Ыдырыс Исаков Жалил Атамбаевдин бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан убакта “Агро Доор” ишканасы жогорку кишиге таандык болуп, салык төлөбөгөн фактылар болгондугун ЖМКга айтып берген. “Канат Сапаевдин атасы Акматали ака көп жылдардан бери тууганы Жалил Атамбаевде иштеген. Ал кишини издеп жүрсөк баласы жолуккан. Эч кандай акча талап кылган эмеспиз. Сүйлөшүүнү видеого жазып алганбыз. Кийин менин үстүмдөн арыз жазыптыр. Милиция карап көрүп айыптоого далилдин жетишсиздигинен улам иш кыскартылган. Жакында Жалил Атамбаевге кокусунан жолугуп калып, журналисттик иликтөө улантылып жаткандыгын, ал кишиин да пикирин угууга даяр экендигин билдирген. Андан соң Канат Спаев маалымат татарытп жатпайбы” – деген журналист.

 Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду 50 миллион сом айыпка жыгуу боюнча арыз жазган

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев “Азаттыктын” журналистин 50 миллион сом доого жыгуу максатында сотко арыз жазган. Кийинчерээк арызын кайрып алган. Бул доо арыздын жазылышына Ыдырыс Исаковдун ишкер салык төлөөдөн кирешесин жашыры келет деген маанидеги журналисттик иликтөөсү жарыяланган. Анын негизинде ЭКККМК Жалил Атамбаевге карата 22-апрелде кылмыш ишин козгогон.

    Депутат Искендер Матраимовдун “Азаттыкка” болгон арызы

Өткөн аптадагы Матраимовдордун үй-бүлөсү менен “Азаттыктын” Ош шаарында болгон окуялары коомчулуктун көнүлүн өзгөчө бурду. Жакында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы да чыкты. Депутат Искендер Матраимов болсо “Азаттыктын” үстүнөн Журналисттик этика комиссиясына арыз жазган. Анткени депутаттын айтымында акыркы 5 жылдан бери “Азаттык” Матраимовдордун үй-бүлөсүн өзгөчө сынга алып келет. Оштогу Матраимовдорго тиешелүү үйдү 3 жолу тасмага тартышкан. Бул боюнча адилет териштирүүнүн жыйынтыгын күтөрүн депутат билдирген.

Ал эми Матраимовдор “Азаттыктын”, анын журналисти Ыдырыс Исаковдун үстүнөн сотко доо арыз менен кайрылабы, же жокпу азырынча белгисиз.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *