Ылаң жабыштырган 45 жаранга аба жетпей, абалы оорлошууда

Мезгил

Барган сайын өлкөдөгү эпидемиологиялык абал оорлошууда. Ушул күндөрү өлкө боюнча стационарларда аты жаман ылаңга чалдыккан 607 киши жатканын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди. 

Анын айтымында, ылаң жуктурган 45 кишинин абалы оор бойдон калса, анын 10у жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ошондой эле 174 адамдын абалы орточо, 388 кишинин ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда. 817 адамдын оорусу симптомсуз өтүп, үйдөн дарыланууда. Белгилей кетсек, кечээ 36 бейтаптын гана абалы оор болчу.

Кыргызстанда балакеттүү ылаңды жуктуруп алгандардын саны 3519 га жетти. Анын ичинен 2054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши жарыкчылык менен кош айтышты. Абал оор бойдон калууда. Мунун баары пейилибизге жараша болуп жаткан жокпу?

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *