Ырайым: Президент өзүм билемдик кылып, каалаган кишиге ырайым бере алабы?

Мезгил

Ырайым. Акыркы кезде бул сөз коомчулукта көп айтыла баштады. Ырайым берүү өтүнүчүнүн тартиби кандай? Анткени, карапайым калк эмес мен юристмин деген адамдардын ортосунда бул боюнча кайчы пикирлер бар. Мисалы Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Президент өзүм билемдик кылып, каалаган кишиге ырайым бере бербейт. Кишинин өзүнүн өтүнүчү болуш керек. Ушул күнгө чейин мындай нерселер болгон эмес» десе, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова «ырайымдуулук соттолгон адамдын суранычы менен болот деген эч бир мыйзамда жок. Аны соттолгон адам сурап албайт» деген пикирин билдирген.

Клара Сооронкулованын пикиринде мыйзамда ырайым берүүнүн президент тарабынан бекитилген тартиби жана жоболору бар. Президент өзүм билемдик кылып, каалаган кишиге ырайым бере бербейт. Кишинин өзүнүн өтүнүчү болуш керек.

-Мыйзамда ырайым берүүнүн президент тарабынан бекитилген тартиби жана жоболору бар. Президент өзүм билемдик кылып, каалаган кишиге ырайым бере бербейт. Кишинин өзүнүн өтүнүчү болушу керек. Ушул күнгө чейин мындай нерселер болгон эмес.

Ырайым берүү бул маселенин көтөрүлүп жатканы өзү жакшы көрүнүш. Мурда президенттин буйругу чыгып, “мынча кишиге ырайым берилди, баланчага берилген жок” деп жарыяланчу. Бирок, акыркы жылдары ырайым берүүнү ушунчалык купуя сыр кылып коюшту-деди Сооронкулова.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы соттолгон адамдын өзүнүн өтүнүчүсүз эле ырайым кылуунун бир гана жолу бар деп кошумчалайт.

-Соттолгон адамдын өзүнүн өтүнүчүсүз эле ырайым берүүнүн бир гана жолу бар. Бул – түбөлүк эркинен ажыратылган адамдардын мөөнөтүн мурдагы кодекс боюнча 30 жылга, ал эми 1-январдан тарта күчүнө кире турган жаңы кодекс боюнча 20 жылга алмаштырууга болот.

Ал эми башка учурларда азыркы мыйзам боюнча сөзсүз түрдө соттолгон адамдын өзүнүн өтүнүчү болушу керек-деди Клара Сооронкулова.

Ал эми мурдагы башкы прокурор Аида Салянова өз фейсбук баракчасына ырайымдуулук соттолгон адамдын суранычы менен болот деген эч бир мыйзамда жоктугун, аны соттолгон адам сурап албастыгын жазып чыккан

-Ырайымдуулук соттолгон адамдын суранычы менен болот деген эч бир мыйзамда жок. Ырайымдуулук президенттин жеке каалоосу менен болгон укугу. Ырайым ошонусу менен ырайым. Аны соттолгон адам сурап албайт, -деп жазат Салянова.

Ушул жылдын 19-декабрь күнү Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча мунапыс бере аларын айткан.

– Бардык соттук инстанция бүткөн,- деди ал. -Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да-деген Сооронбай Жээнбеков

Ал эми «Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабай турганын жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгүн өтөгөнүн, мыйзам боюнча  жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *