Ырчы Айпери Кубик кызы бойдок кыздарга кеңеш берди

   Мезгил

Ырчы Айпери Кубик кызы бойдок кыздарга кеңеш  берди

Ырчы Айпери Кубик кызы бойдок кыздарга “болочок күйөөңөрдү туура тандагыла!” деген кеңешин өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жазды. 

 -Бойдок кыздарга кеңешим бар эле…Болочоктогу жолдошуңарды тандоодо адашпаңыздар!Тандоодо келечектеги кандай балдардын энеси болууну кааласаң ошондой жолдош танда. Себеби, канын тартат. Мүнөзү окшош болот. Жолдошуңдун ата-энеси, ата-теги кандай адамдар? Мүнөзү кандай? Кандай жакшы, жаман сапаттары бар? Кээ бир окумуштуулар айтат, көбүнчө энеден берилет деп. Бирок бизде (кыргыздарда) атасынын канын баары бир тартат! Ошондуктан, жолдошту туура тандагыла деп шарыятта да айтылат! Андан аркы тарбияны ата-энеси берет. Атасы, энеси ким болсо балдары ошол болот. Бирок бала тапкандыкы эмес, баккандыкы! Ким багып, тарбия берип чоңойтсо ошондой болот. Антейин десен баары бир кулк-мүнөзү, турган турпаты канын тартып жатпайбы? Ошого кандай дейсинер?-деген билдирүү калтырган ырчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *