Ырчы Анжелика Кайратовага “ КРнын баатыры” наамын ыйгаруу сунушталды

    Мезгил

Куудул Гүлжайна Атаканова ырчы Анжелика Кайратовага “ КРнын баатыры” наамын  ыйгарууну   интернет баракчасына жазды.

   “Бүгүн мен ушул кызды мактагым келди. Алтыным Анжелика Аллахым сага эки дүйнөнүн бактылуулугун насип кылсын ылайым. Азаматсын алтышка: Сенин жасап жаткан жумуштарынды көрүп сендей күчт айым болгум келди.

Акты ак деп айтыш керек. Аты жаман оору КРды каптагандан бери 1 күн дагы өзүн учун убакыт болбой Кыргыз элим деп күйүп жанып жүрөсүн. Чынын айтканда САГА “КЫРГЫЗДЫН БААТЫРЫ”деген наам бериш керек.

1000деген адамдар Вирустан коркуп үйүнөн чыкпай жаткан күн да болду, эмне Анжеликага оору тийбей турган жаны ТЕМИР беле. Бирок өз өмүрү коркунучта болсо дагы элим деп тыпылдып жүгүрүп иштеп жүрөт.

Мен бир нерсени баса белгилеп айтат элем Анжелика миллиондогон адам өмүрүн сактап калганга көпүрө болду. Бул жумушту баштабаса, жасабаса билбейм дагы канча адам өмүрүнө коркунуч келет эле.

Кечээ Анжеликанын сторисинен көрдүм “ Мен депутаттыкка барбайм, жаш кандидаттарды колдойм дептир.

Бирок кыргыз элине Анжеликадай эр жүрөк,  күчтүү, эч нерседен коркпогон, “баары бир гана Аллахымдан” деген, кыргыздын көйгөйүн чечкен Анжеладай депутаттар керек. Анжелика депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам. Алтын башым аман болсун. Аллахым сенден ыраазы болсун. Ушунчалык жанып күйүп иштеп жүрсө да көрө албай ичи таардык кылган адамдар аман  болгула”- дейт куудул айым.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *