Ырчы Анжелика Самара Каримовага : “Сен баягы Самаш бойдон кала бер!”

   Мезгил

Ырчы Анжелика Кайратова интернеттеги баракчасы аркылуу Самара Каримованы туулган күнү менен куттуктады.

-Самаш, туулган күнүң менен! Ушул сүрөтүңдү тандадым. Экөөбүздүн чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз көп, бирок, комуз жок. Мен сени ушул сүрөттөгүдөй эстеп калгам. Таанышкан күнү сен комуз менен ырдап бергениңди эч качан унутпайм. Чыныгы талант, сулуулук бар сенде. Бактын чексиз болуп, балдарыңдын жакшылыгын көр. Жашоодо адамдар өзгөрбөйт, айлана чөйрө өзгөрөт. Бирок, сен баягы Самаш бойдон кала бер. Акылдуусун, чыдамдуусун, шайырсын! Бардык кыялдарыңа жет-деген каалоо калтырган ал.

Белгилей кетсек, Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн.  Кечээ 10-апрелде  29 жашка толду.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *