Ырчы Малик Аликеев жакында ооруканадан чыгарылат

   Мезгил

Ырчы Малик Аликеевге эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү аяктады. Ал жакында ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов интернеттеги баракчасына жазды.

-Малик агабыздын  эки операциядан кийин абалы жакшы. Жакынкы арада ооруканадан чыкканы турат. Колдоосун көрсоөткөн баардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз, өзгөчө операция жасаган Сабырбек Жумабеков агабызга. Жакында арабызда болуп, чыгармалары менен элди кубантат деп үмүттөнөбүз-деди ал.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы кабарланган. Ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюсери Чынара Итигулова билдирген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *