Ырчы Малик Аликеевке президент да көңүл бөлдү. Ал Бишкектеги 4-ооруканага жаткырылды

Мезгил

Белгилүү ырчы Малик Аликеев   Бишкек шаарындагы   4-ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов фейсбук баракчасына жазды.   

   -Абалы буйруса жакшы, жакынкы убакта, эгер кальцийи жакшы болсо, калыбына келсе хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков агабыз операция жасайт. Мунун алкагында жасала турган баардык иштер биздин көзөмөлүбүздө болот.

Андан тышкары, КР Президенти С.Ш. Жеенбеков атайын материалдык жардам бөлүп, ал жардамды КР Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаевич тапшырды.

Малик агабыз кубануу менен баарыныздарга саламын жолдоду. Күз айларында сахнага чыгып калаарын жана жеке концерт программасын даярдай тургандыгы боюнча убадасын алдым-деди Жамангулов.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *