Ырыс Жоомартова: Гүлжайнаныкындай унааны 7 жыл мурун айдап койгом. Эркектер меникиндей унаага жетпей жүрөт

   Мезгил

Режиссёр, актриса  Ырыс Жоомартова массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып, унаасы менен тааныштырып анын баасы үч бөлмөлүү квартира тураарын, ошондой эле эркектер куудул Гүлжайна Атаканованыкындай эмес, меникиндей унаага жетпей жүрүшөт деди. Анын учурдагы машинасынын маркасы Toyota Land Cruiser V8 . Чыккан жылы-2011-жыл.

 -Гүлжайна Атаканова айдаган унааны мен жети жыл мурун айдап койгом. Азыр Гүлжайнаныкындай унааны баары эле айдап жүрүшөт.  Унаам эң акыркы модел болгондуктан менин машинама жетпей жүргөн эректер көп болсо керек деп ойлойм. Бул унаанын акчасына ремонту жок үч бөлмөлүү квартира келет. Жолдошумдун белектери бар бирок алар: шуба, алтын, бриллианттар”-дейт ал.

Белгилей кетсек, Гүлжайна Атаканова буга чейин  берген маектеринин биринде “Меникиндей унаага кыздар эмес, эркектер да жетпей жүрөт” деген. Анын унаасы Lexus GX470. Чыккан жылы- 2005. Баасы 17 миң доллар.

Toyota Land Cruiser V8

 

Lexus GX470

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Ырыс Жоомартова: Гүлжайнаныкындай унааны 7 жыл мурун айдап койгом. Эркектер меникиндей унаага жетпей жүрөт”

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *