Ысык-Көлдө 12 жаштагы бала “банандан” кулап каза болду

  Мезгил

Ысык-Көлдө банан аттракционуна түшкөн 12 жашар бала каза тапты. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Каргаша кечээ Чолпон-Атада  «Мүрөк» пансионатында  болгон. 

Маалыматка ылайык,  өспүрүм “бананга”  түшүп, чукул бурулганда байланган катердин четине башы менен тийип, сууга кулаган. Ал ооруканада эсине келбей жан берди.

Бала Бишкектен ата-энеси менен келип, жеке сектордо эс алып жатканы маалым болду. Учурда териштирүү иштери  жүрүүдө.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *