Ысык-Көлдө күйөсү аялына бензин чачып өрттөп жиберген

Мезгил

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө шектелип  анын жарандык никедеги жолдошу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББдан билдиришти.  

 Маалым болгондой, 4-январда саат 16:20 чамсында, Каракол ШИИББнын нөөмөт кызматына шаардагы кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат түшкөн.

Жети-Өгүз районунун 33 жаштагы Б.С. (аял киши) аттуу тургунуна жарандык никедеги жолдошу, Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну Ч.Н. бензин чачып, өрт коюп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткени аныкталды. Келин алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылды. 

Аталган кылмышка шектүү делип Ч.Н. кармалды. Ал Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *