Зайырбек Эргешов: Экспертизанын жыйынтыгы менен Арстан Алайга чара көрүлөт

Мезгил

Өзүн жаңы Кудай деп аттап алган Арстан Алайдын сөздөрүндө диндер аралык кастыкты козутуучу маанайдагы чакырыктар бар же жок экендиги боюнча учурда тийиштүү мамлекеттик органдар экспертиза жүрүгүзүп жатат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча тийиштүү органдар иштеп жатат.

-Арстан Алайдын сөздөрүндө диндер аралык кастыкты козутуучу маанайдагы чакырыктар бар же жок экендиги боюнча учурда тийиштүү мамлекеттик органдар экспертиза жүрүгүзүп жатат. Анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлөт -деди Эргешов.

Бүгүн Жогорку кеңеште «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып Анда депутат Улугбек Ормонов теңирчилер диний уюм катары катталбаса, анда уюмдун өкүлү Арстан Алайдын «Мен Кудаймын!» деп үгүт жүргүзүп жатканына карата чара көрүлүшү керектигин айткан. Ал эми коомчулукка “Зима не будет” деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудай» деп жарыялаган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Зайырбек Эргешов: Экспертизанын жыйынтыгы менен Арстан Алайга чара көрүлөт”

  1. Д(ж)индер бойунча иштеген мамкомиссиянын крышасы алдакачан кеткен, кришна секталарды каттайт, кыргыздын теңир ишенимин каттабайт!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *