“Замандашка” Рысбек Мирзаматовдун кошулушу партия үчүн утуш болот!

   Мезгил

Өлкөбүздө көпчүлүктүн алдына анчейин чыга бербеген бир генерал бар. Ал Рысбек Мирзаматов. Бүтүндөй өмүрүн өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатына арнап, мамлекетибизди күзөтүүдө чоң роль ойногон генерал-майордун алдыдагы аламанда “Замандаш” партиясы аркылуу жарышка аттанганын угуп кубандык.

Кадимкидей… Кезегинде Россиядагы эң жогорку аскердик академияны аяктаган Рысбек Мирзаматов коргоо министринин орун басары, мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басары өңдүү кызматтарды ийгиликтүү аркалап, иштин көзүн билгендиги менен офицерлер арасында жогору баага татыган. Ага удаа кандидаттык ишин ийгиликтүү жактап, бул жагынан формачандарга гана эмес, баарыбызга үлгү болгон жайы бар. Эми сөзү менен иши, билими менен жогорку тажрыйбасы айкалышкан мындай кадр жарышка аттанса кантип кубанбай коебуз? Парламентке дал ушундай мамлекетчил кадрлардын келиши эл үчүн утуш гана болот да.

Тандаган командасын эч убакта сатпаган, чыныгы аскердик мүнөзгө ээ, тартип менен тазалыкты жан-дүйнөсүнө сиңирип алган Мирзаматовду Куралдуу күчтөрдөгү бир тармакты башкартып, күчүн алганда баардыгы башкача болот эле. Көрсө, кыргыздын канындагы кызганычтык сапат күчтүү кадрлардын күчүн алганга шарт түзбөйт тура. Анан кантип биз алыстарга чуркайт элек?

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *