Замир Каары РАКИЕВ: Бул сапар Айт намазы окула турган мамлекеттер жок десек болот

Мезгил

Замир Каары РАКИЕВ, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийдин орун басары: “Орозо айт жамаат менен окулбайт. Бул жагы кечиримдүү боло берет…”

Алдыдагы Орозо айт быйыл жылдагыдан айырмаланып, эч жерде окулбай турган болду. Мындай чечим туурасында маалыматты муфтийдин орун басары биздин сайт аркылуу төмөндөгүчө түшүндүрдү.   

–Каарыке, бул сапар Орозо айт намазы борбордук аянтта жана мечиттерде окулбай турган болду. Момун мусулман бир туугандарыбыз айт намазын бул жолу кандай негизде, саат канчада, кай тартипте, канча рекетте окушат? Ушул өңүттөрдү жалпак тил менен түшүндүрүп берип коесузбу?

–Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху. Баардык мактоолор бүткүл ааламдын жаратуучусу Алла Таалага болсун. Учурда таажы ылаңы эпидемиясынын толкуну дүйнө боюнча токтобой жаткандыктан, баардык мамлекеттерде Орозо айт намазы окулбай турган болду. Бул сапар Айт намазы окула турган мамлекеттер жок десек болот. Бизде дагы муфтият, Аалымдар кеңеши, башка мамлекеттердин Аалымдары менен биргеликте онлайн аркылуу көрүшмө уюштуруп, Орозо айт эч жерде окулбасын деген тыянакка келдик.

–Момун мусулмандар отуз күн бою Орозо тутушса, анан Орозо айт намазын окушпаса, бул жагы кечиримсиз, отуз күндүк туткан Орозосу текке кеткендей болуп калбайбы?

–Бул жагы кечиримдүү болот. Мындай убакта шарият да уруксаат берет. Жугуштуу ылаң жүз берген учурда жамаат менен окула турчу намазды токтото турса эч ким күнөөкөр болбойт! Момун мусулман бир туугандарыбыз «Орозо айт намазын окубай калсак күнөөлү болуп калабыз» – деген сыяктуу күмөндөргө алдырып, өздөрүн бушайманга салбай эле коюшса болот. Мындай шартта үйдөн ар ким кадимкидей эле 5 убак намаздарын, ага удаа кошумча намаздарын үзбөй окуй беришсе болот. «Орозо айт намазын үйдөн кошумча намаз окуп толуктайт элем» – дегендин кереги жок.

Бул намаз өзүнчө окулган намаз менен толукталбайт. Айт намазы жамаат менен мечиттерде окула турган намаз болчу. Быйыл эми аргасыздан жамаат менен окулбай турган кылынды. Албетте, мунун баарын Алла Таалам өзү көрүп турат. 24-майга белгиленген Айт майрамын ашыкча кишиникине же коңшу-колоңдорунукуна барып ийбестен, ар ким үй-бүлөөсү менен майрамдык маанай кылып, Кудай Тааламдан жакшы тилек, дубаларды кылышып, Куран-карим, аят, дубаларды окуп өткөрүшүн сунуштайбыз. Жараткан Аллам баарыбыздын жакшы тилек, дубаларыбызды кабыл кылсын! Келе жаткан Орозо айтыбыз маарек болсун!    

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *