Замир Каары РАКИЕВ, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары: “Эртеңки айтта курмандык саат 8 ден кийин чалынышы кажет”

   Мезгил

    Эртеңки ыйык Курман айт намазы быйыл жылдагыдан айырмаланып, эч жерде окулбай турган болду. Мындай чечим туурасындагы маалыматты азирети муфтийдин орун басары, айтылуу Замир Каары биздин сайт аркылуу коомчулукка ачык түшүндүрмө берди.

–Каарыке, эртеңки Курман айт намазы окулбай турган болду да. Бул жолку ыйык Курман айт майрамы кандай өзгөчөлүк менен өтөт? Курмандык кылынуучу жандыктарды кандай тартипте союшса болот? Жалпы эле Курман айт майрамы тууралуу пикир айтып коюңузчу?

–Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху. Баардык мактоолор бүткүл ааламдын жаратуучусу Алла Таалага болсун! Эртеңки Курман айт Алла Тааламдын эки чоң майрамынын бири. Мусулмандардын сүйүнүч болуп майрамдай турган улуу майрамы. Ар жылы бул учурларда баарыбыз ажылыкка барып, бул күнү Арафат тоосунда туруп, тосчу элек. Быйыл ааламды каптаган атың өчкүр апаат оорудан кийин бул иштер да токтоду. Биздин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында сырттагы оору-сыркоо күчөгөн абалга карап, Курман айт намазы эч жерде окулбасын деген чечим чыкты. Эртең, Кудайым буюрса, күн чыгып, көтөрүлгөн соң (болжолдуу саат 8-8 жарымдарда) курмандык чалса болот. Курман айтта колунда бар, мүмкүнчүлүгү жеткен адамга курманчылык кылуу милдет.

Курманчылыктын сооптору өтө чоң! Алла Таала менен жакындаткан күн! 7 киши биригип, уй баласын же болбосо төө сойсо болот. Же алында бар, мүмкүнчүлүгү жетишкен адам бир канча курмандык чалып, сойсо боло берет. Бир киши эчки же кой баштаган майда жандыкты курмандыкка чалса жарайт! Союла турган кой, эчкилер семиз, эч жерде кемтиги жок, көк мээ эмес, бүтүндөй мүчөсү толук, жегенге жарамдуу, бир жаштан ашкан болсо болот. Кой баласынан 6 айга толгон козу болуп, бирок, күрпөң келип, 1 жаштагы койдой көрүнсө бул жандыкты курмандыкка чалса жарайт. Уй баласын курмандык чалууну каалагандар 2 жаштан өйдөкүсүн чала берсе жарашат.

Төөнүкү беш жаштан жогору болушу кажет. Азыр курмандыкты чогулуп союу коркунучу болгон үчүн ар бир мүмкүнчүлүгү жеткен адам майда жандыгын күн көтөрүлүп, 8 ден баштап үй-бүлөсү менен Аллага арнап «Курмандыгымды кабыл кыла көр» деп союшу кажет. Союлган малдын эти үчкө бөлүнөт. Бир бөлүгү колунда жок адамдарга берилсе жакшы болот. Экинчи бөлүгү колунда бар болсо деле кошуна-колоңдорго хадыя кылынып, белек кылып берилсе, бир бөлүгүн өзүнүн үй-бүлөсү менен жешсе жакшыраак болот. Шарыятта камтылган ушул жактарын биз жакшы эске алышыбыз керек.

Кудайым курманчылыктарыбызды, дубаларыбызды ылайым кабыл кылсын! Ушул ыйык күндөрдө дубаларыбыз кабыл болчу күн! Ушул ыйык күндөрдү жакшы өткөрүп алышты Кудайым насип кылсын!        

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *