Замир ОСМОНОВ, мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы: “Жыл аягына дейре 30 млрд сом салык түшпөй калышы мүмкүн”

     Мезгил

   Барган сайын өлкөдөгү салык чогултуу көрсөткүчү ондогон миллиарддаган кем көрсөткүчтөр менен коштолууда. Мындай шартта өлкө экономикасы катастрофалык абалга кептелбейби? Ушул темп менен кете берсек экономикабызды кандай тагдыр күтөт? Биз мындай суроолорубузду мурдагы баш салыкчы Замир мырзанын өзүнө узаттык. Эмесе, сөөгүнөн бери салыкчы биздин соболдорго төмөндөгүдөй аргументтерин келтирип жооп узатты.

–Замир мырза, салык системасы өлкө экономикасынын күрөө кан-тамырындай сыпатталат эмеспи. Быйыл жыл башынан бери мамлекеттик казынага 14 миллиард сом түшпөй калганы маалым болду. Мунун өзү экономикага оор диверсациялык сокку болду да, туурабы?

–Алгач салык системасы жөнүндө эки ооз сөз айтсам. Ооба, салык системасы экономикага түздөн-түз таасир берүүчү системалардын сап башында турат. Экономикадагы өзгөрүүнү да, башкача айтканда анын өскөндүгүн же тескерисинче төмөндөгөнүн, чогулган салыктын көлөмү аркылуу тастыктайт. Мамлекетте салыктын түрлөрү канчалык аз болуп жана алардын ставкалары төмөн болсо, салыкты төлөө процедуралары жөнөкөй жана ынгайлуу болсо, ишкерлердин саны көбөйүп, ички жана чет элдик инвесторлордун келишине шарт түзүлөт.

Демек, өлкөдө жаны жумуш орундар пайда болот, атаандаштык күчөйт. Товардын баасы төмөндөп, сапат жакшырып, сатуулардын көлөмү көбөйөт. Мунун натыйжасында экономикалык өсүш болуп, салыктар мамлекеттик казынага көбөйө баштайт. Экономикалык жана социалдык маселелер чечилет. Миграция кыскарат. 2020-жылдын башынан тарта коронавирус пандемиясы биздин өлкөгө да абдан терс таасирин тийгизди. Ушуга байланыштуу карантин, коменданттык саат, чек аралардын жабылуусу жана башка кабыл алынган чаралар бизнес активдүүлүктү тилеке каршы кескин басаңдатты. Мына ушунун жыйынтыгында 6 ай ичинде 14 млрд. сом салыктык жана бажы төлөмдөрү мамлекеттик казынага түшпөй калды.

Көрсөткүч муну менен гана токтобой, тийиштүү мамлекеттик органдардын эсеби боюнча, жыл аягына чейин болжол менен 30 млрд. сом мамлекеттик казынага түшпөй калуу тобокелчилиги бар. Бирок, бул тобокелчилик сырткы булактардан келген каражаттын эсебинен толукталат.

–Сыртта кырдаал оор. Бийлик өзү экономикага “киллер” сыяктуу сокку урган жокпу?

–Азыркы учурда өкмөт колдон келген аракеттерди жасап жатат. Албетте, жумуш болгон жерде кемчиликтер болот, сын айткан женил, ал эми реалдуу иш жасаш бир топ кыйын. Анын үстүнө, мамлекеттик казынанын тартыштыгы да көптөгөн маселелерди ыкчам чечкенге мүмкүнчүлүк бербейт. Өкмөт коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана элибиздин өмүрүн сактап калуу максатында үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында чектөөлөрдү кабыл алууга мажбур болду. Себеби, эн биринчи маселе – бул жарандардын ден соолугу жана өмүрү. Мунун натыйжасында, экономикалык активдүүлүк кескин басаңдап, мамлекеттик казынага салыктар кем түшүп жатат. Мындай көрүнүш биздин гана өлкөдө эмес, бүт дүйнө жүзүндө болуп жатат. Балким ал чаралар кабыл алынбаса, кесепети мындан да жаман болмок.

–Жаңы жылга чейин мамлекеттик казынага дагы да миллиарддаган каражаттар түшпөй калса өлкөнү кандай тагдыр күтөт?

–Бюджеттеги капиталдык салымдар жана башка корголбогон беренелер боюнча пландаштырылган жумуштарды кыскартууга туура келет. Албетте, бул жаңы башталуучу жана бүткөрүлүүчү курулуш жана башка иштерди токтотот. Демек, жаңы жумушчу орун түзүүгө, курулуш материалдарын жана башка товарларды сатып алууга бөгөт койот. Ушул иштердин жыйынтыгында төлөнчү салыктар түшпөйт. Андан башка да чыгымдардын баарын кылдаттык менен анализдеп, ашыкча чыгымдардын баарын жойуш керек. Бул каржы министрлиги жана башка маморгандар үчүн жылдан жылга кайталанчу, бирок, эффективдүүлүгү жок чыгымдарды таап чыгып, алар кийин кайталанбагандай кылып жойуп салганга жакшы мүмкүнчүлүгүн түздү. Ушул суроого жооп берип жатып баса белгилеп айтчу нерсе, сырттан алган каражатты максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануубуз керек.

Экономикалык оор кырдаалдан чыгуу үчүн бийликке кандай сунуш айтат элеңиз? Карантин маалында өлкөгө жардам катары келген миллиондогон каражаттар эффективдүү пайдаландыбы?

–Ар бир мамлекеттик органдар өз иштерин ыкчам жана эффективдүү аткарышы керек. Санариптештирүү долбоорун үзгүлтүксүз улантыш зарыл. Ишкерлерге дем берүүчү чараларды кабыл алып (уруксат берүүчү системаны жөнөкөйлөтүү, текшерүүлөрдү кыскартуу, чек арадагы чектөөлөрдү алып салуу, арзан жана узун насыя берүү ж.б.), аларга акыйкат атаандаштыкты камсыздап берүү керек. Расмий маалыматтарга таянсак, сырттан келген каражаттар эки багытка жумшалышы керек – мамлекеттик казынага колдоо көрсөтүүгө жана Covid-19 каршы күрөшүүгө.

Мен ойлойм, бул боюнча учуру келгенде өкмөт тийиштүү маалыматты коомчулукка берсе керек. Мындай учурда каражаттар туура эмес пайдаланган болсо, аны тиешелүү органдар өз көзөмөлүнө алат деп ишенем.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *