Замир Жоошев: Бизде 386 миллион долларга ЖЭБ арзан жаңыланган

Мезгил

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат. Сотко мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков күч менен алынып келинди. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу журналистердин суроосуна жооп берип жатып, 386 миллионго ЖЭБ бизде Орто Азия боюнча  арзан курулган деген оюн билдирди.

  Ал долбоордун баштапкы баасы 150 миллиондон ашкан эмес, ал эми кийин эле 386 миллионго чыгып кетиши ошондой эле Максим Бакиевдин учурунда ошол эле ТВЕА компаниясына 200 млн  долларга  жаңылатууга алар баш тартышкан. Анан кандайча сапар Исаковдор 386 миллион  долларга макул болушкан? деген суроого жооп берип жатып билдирди.  

  -Бул жерде мамлекеттик теле каналдар адамдардын башын айландырып коюшту десем болот. Себеби баары жөнөкөй эле эл аралык банк 150 млн долларга ЖЭБди жаңыдан модернизациялап, жаңылап, кубаттуулугун өстүрүп беребиз деп айткан эмес.

Ал банк 150 млн долларга тетиктерин жаңылап беребиз деп айткан. Болгону тетиктерин жаңыламак ремонт  кылышмак, а кубаттуулугу болсо өсмөк эмес. 386 млнго жаңы ЖЭБ курулуду деп айтсак болот.  Себеби, ал модеринизациялоо болгондон кийин 300 Мегаваттка  көбөйгөн. Берки 150 миллионго каптилдык ремонт болуп калмак. Эч кандай кубаттуулугу көбөймөк эмес.   ТВЕА 2010-жылдары 200 млн долларга газга иштей турган ТЭЦти жасап беребиз дешкен экен. А газга иштей турган ТЭЦ жасаганда анын тетиккери арзан бүтөт. Ошондой эле газ 2 эсе кымбат болгондуктан тариф дагы көтөрүлмөк. Ошондуктан бул туура эмес болгон, Сарри дагы баш тарткан. Газ жага турган ТЭЦти курганга болбойт себеби газды экспорттош керек.  Ошондой эле тарифтерди көтөрүш керек болмок. Мунун баары элге оорчулук тийгизмек. Ошондуктан баш тартышкан. Негизи газдын негизинде иштеген ТЭЦти куруу арзан экен. Ал эми көмүрдүн негизинде куруу бул кымбат.  Ошондуктан ушундай айырма келип чыккан. 386 миллион долларга  негизи Орто Азиядагы   баа боюнча бизде арзан курулган. Эч кандай кымбат курулган эмес- дейт    жактоочу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *