Зарылдыгы жок. Путин Назарбаевдин сунушун четке какты

   Мезгил

Россиянын президенти Владимир Путин Назарбаев сунуштаган Украинанын президенти  Владимир Зеленский экөөнүнун жолугушуусун Казакстанда өткөрүү сунушун четке какты.

Путин бул тууралуу журналистердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

 -Биз норманд форматында сүйлөшөбүз деп макулдашканбыз. Ага чейин жолугушуу тууралуу сөз болгон жок. Макулдашкандан кийин орто жолдо даярдыксыз кездешүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Даярдыксыз жолугушууга мен да, Зеленский да кызыктар эмес деп ойлойм. Даярданып, жыйынтык чыга тургандай жолугушуу кылыш керек да»,- деди Путин.

Эске салсак, буга чейин Казакстандын мурдагы   президенти Нурсултан Назарбаев Орусия президенти Владимир Путин менен Украина өлкө башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусун Казакстанда уюштурууну сунуштаган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *