Өзбек насыясынын өзөгүндө эмне жатат?

   Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкентке иш сапары менен учуп кетти. Иш сапардын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер каралып, бир канча документтерге кол коюла турган болду. Бул сапарда Өзбекстан биздин ишкерлерге беребиз деп жаткан насыянын башын ачып келеби же жокпу, азырынча ачык айтыла элек. Жайында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумуш сапары менен келип кеткен. Анда Өзбекстан тарап биздин ишкерлерге 100 миллион доллар насыя бере тургандыгы маалымдалып, насыянын аки-чүкүсү күзүндө сүйлөшүлөт деген кеп болгон эле.

Кошунаң насыя берем десе, тебетейиңди көккө ыргыта бербе

Абдулла Арипов траптан бутун алып, коштошуп кете элегинде Экономика министри Санжар Мукамбетов сүйлөшүүлөрдүн алкагында Өзбестандан 100 миллион доллар насыя ала тургандыгыбызды, а тургай ал «Айыл Банк» аркылуу тери жана жүндү кайра иштетүүнү каалаган ишкерлерге бериле тургандыгын сүйүнчүлөдү. Мунусу го жакшы экен. Бирок бул насыя Өзбекстан менен бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек чек ара маселесине кедергисин тийгизбейби? Кошуналар бизге чек ара маселеси боюнча тымызын тор жайып жатакан жокпу? Ушундай маанидеги маселелер кооптонуу жаратып келет.

Өзбек насыясынын таржымалы жана максаты

Насыя берүүн «Өзбекстандын сырткы экономикалык ишкердиги Улуттук банкы», «Өзбек өнөр жай-курулуш банкы», «Асака» АКБ банктары тарабынан ишке ашырат. Кыргызстан тараптан банк-өнөктөш катары муну «Айыл Банк» ишке ашырары жогоруда айтылды. Эгер келишим ишке аша турган болсо насыялар Өзбекстандан товар сатып алууну каалаган ишканаларга берилет дегенди тигил тарап сунушташууда. Бул үчүн долбоорлордун лимити 1 миллион доллар деп чектелген. Демек 100 миллион насыяны өздөштүрүү үчүн кеминде 100 долбоор даяр болуусу керек. Муну менен өзбек тарап бир ок менен эки коён атып жатат, акча берип карыз да кылат, товарын да сатат. Муну экономикалык талдоочулар “Өзбекстандын жаңы экономиакалык өнүгүү модели” деп да атап жиберишти.

 Биздин өкмөт деле жемин оңойго жедиргиси келбей турат. Өзбекстандын жеке банктары берген насыяларды булгары жана жүн иштетүү тармагына жумшайбыз деп жатышат. Бирок өндүрүлгөн булгары менен терини өзбек тарап сатып алабы? Азырынча табышмак. Ошондой эле насыянын пайызы жана мөөнөтү жөнүндө да кеп ачыктала элек.

Буга чейин мындай насыя Тажикстанга сунушталган. Насыялоо менчик банктар тарабынан берилип жаткандыктан ал кандай механизмдер менен ишке ашат, биз тараптан берилген мамлекеттин кепилдигин «Айыл банк» актай алабы? Пайыздык үстөктөрү канча? Эгер жогору болсо ишкерлер зыянга учурабайбы? Ушул сыяктуу суроолор аргасыздан туулат экен. Анткени буга чейин кытайдын «Эксим банкынан» Бишкек ЖЭБин каржылоого насыя алып алып, анын чуусу басыла элек. «Эксим банктан» алынган кредиттин пайызы жогорураак болуп, мөөнөтү да кыска болгон. Ошондуктан сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп, кызылдай күйүп калбайбызбы деген кооптонуу жаралып турат

Акыркы кездеги жакшырган өзбек-кыргыз алакалары

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргызстанга болгон жайындагы иш сапарынын алкагында өсүмдүктөрдүн карантини, минералдык жер семирткичтерди алып келүү, айыл чарба тармагы боюнча кызматташуу боюнча документтерге кол коюлуп, өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча маселе көтөрүлгөн. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүүнүн көлөмү 340 миллион долларды түзсө, 2019-жылдын 5 айында эле 130-140 миллион долларга жеткен. Бирок импортко караганда экспорттун көлөмү көптүгү айтылып келет. Бизден цемент жана көмүр жиберилсе, алардан жашылча жемиштер алып келинет.

Деги бизге Өзбекстан насыясынын кереги барбы?

1) Кереги бар – эгерде туура багытта, максаттуу колдонулса.

2) Кереги бар – эгерде саясий, чек ара маселелери таңууланбай турган болсо.

3) Кереги бар – эгерде Өзбекстандан сапаттуу, ЕАЭБдин талабына жооп бере ала турган, тамак-аш коопсуздугуна коркунуч туудурбай турган товарлар алынып келине турган болсо.

4) Кереги бар – эгерде жалаң экономикалык багытты гана көздөгөн долбоор болгон болсо.

5) Кереги бар – эгерде Кыргызстандан да товар импорттоону жогорулата турган болсо.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *