Өзбекстан 2025-жылы газды экспорттоону токтотоорун айтты. Кыргызстан үчүн бул маанилүүбү?

   Мезгил

 Өзбекстан 2025-жылы газды экспорттоону токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

 Анда айтылгнадай, коңшу өлкө газды өз аймагында кайра иштетүүнү көздөөдө. Бүгүнкү күндө көгүлтүр отту сатып алуучу бирден бир өлкө Кыргызстан болуп эсептелинет.

  Баардык өндүрүлгөн мунай өлкөдө иштелип чыгат. Бул туурасында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин жыйынында билдирди.

“2025-жыл жаратылыш газын экспорттоону токтотууну жана өлкө аралык кайра иштетүүнү кеңейтүү боюнча кабыл алынган иш чараларды, ошондой эле, продукция өндүрүүнүн кошумча наркттары көбөйтүлөт” – деп айтты  өкмөт башчы.

2020-жылдын аягына чейин өлкөнүн энергетикалык рессурстарына газ жана электр энергияларына эсептегичтер орнотулат. Бул энергетикалык рессурстарды керектөөдө көйгөйлөрдүн келип чыгышын токтототжана   эсептөөдө ашыкча төлөмдөр болбойт.

Маалыматтарга ылайык, Акционердик коом “Өзбек нефтегаз”, мурунку жылы жаратылыш газын 2018-жылга салыштырмалуу экспорттоону 15 пайызга чейин көбөйтүшкөн. Экспорттук структурада Өзбек газынын көлөмүн Кытай- 10миллиард куб метр, Россия- 4миллиард куб метр, калган көлөмүн Борбордук Азиянын коңшу өлкөлөрүнө экспорттолот.

“Өзбек нефтгазынын” көгүлтүр оттун кубаттуулугу бүгүнкү күндө 70миллиард куб метр жана суюк углеводдору бир жылда 8миллион тонна көлөмүн  түзөт. Бирок,  технологиялык жоготуудан улам  акыркы 15жыл аралыгында запасы азайып кеткен. Ички рынокто  ички керектөөчүлөрдүн арасында көгүлтүр оттун тартыштыгы байкалган.

Атайын билдирүүлөргө караганда, 2018-жылы  Өзбекстанда мунай өндүрүү 8,2 пайызга – 746,4 миң тоннага чейин түшкөн. Жаратылыш газын өндүрүү 6,1пайызга- 59,842миллиард куб метрге чейин өскөн. Бул 2019-жылдын көрсөткүчү боюнча азырынча өзгөртүлө элек.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *