Өзбекстан бир ок менен үч коён атып жатат

    Мезгил

Кытайлык «Liaoning Leader» компаниясы Өзбекстандын Бухара облусунун аймагына желден ток чыгарчу электр паркын кура турган болду. Курулуштун баасы 1,8 миллиард долларга бааланган. Желден ток алган электростанциялардын кубаттуулугу 5 миң МВтты түзөт. Ага атайын 6 миң гектар жер бөлүнүп берилгенин жергиликтүү бийлик билдирген. Бул долбоор 3 бөлүктөн турат. Алгачкы бөлүгүндө 240 миллион долларга бааланган, кубаттуулугу 200 МВ болгон желден ток алуучу электростанция курулмакчы.

Өзбекстандын Кытай алдындагы карызы 8 млрд долларга жакын. Ал эми Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 2 млрд долларды түзөт. Албетте 30 миллиондон ашуун калкы бар кошуналар менен 6 миллиондой калкы бар бизди, экономикалык жактан, кытайдан алган карызы боюнча түз салыштыруунун өзү туура эмес. Биздин айтайын дегенибиз алар келечегин ойлоп, энергетикалык жактан аз да болсо көз карандысыз болууга кам көрүп, экологиялык жактан таза электр тогун желден алуу жагын ишке ашырып жаткандыгы.

Бул жерде Өзбекстан бир ок менен үч коён атып жатат десек жаңылышпайбыз. Биринчиден – электр өндүрүмү келечекте көз карандысыз, коопсуз болуусун колго алып жатышат, экинчиден – экологиялык   жактан таза өндүрүш, үчүнчүдөн – суу сыяктуу келечекте тартыш боло турган ресурстардан көз карандысыз келечектүү өндүрүштү жолго коюп жатышат. Албетте Өзбекстанда элетр энергиясын бизчилеп агын суудан өндүрүү боюнча потенциалы жок. Алар СССР учурунда эле муну терең ойлонушуп, газ менен иштей турган ГРЭС курушкан. Ошондой эле Россия менен биргеликте АЭС куруу жагын да учурда ишке ашырып жатышат.

А биздеги абал кандай? Ажайып кооз тоолорбуз, шаркырап аккан сууларыбыз турса аны да дурустап пайдалана албай келебиз. Кытайдын бир менчик “Эксим банкынан” жогорку үстөк менен олчойгон насыя алып, андай акчага 2 ЖЭБ курса боло тургандыгына карабастан, борбор калаанын так ортосуна айлана-чөйрөнү булгай турган, казактын көмүрүн ташып келип жагып, түтүнү менен жарандарыбызды уулай турган ЖЭБ курабыз. Кошунаң сокур болсо бир көзүндү жумуп өт дечү беле? Асманга канатсыз уча тургандай болуп, көкүрөгүбүздү койгулай бергенден не пайда? Кошуналарды карап, кез-кезде алардын да жакшы жылыштарынан сабак алып турсак кандай дейсиңер туугандар?!

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *