Өзбекстан: Карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылды

   Мезгил

Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия өлкөдөгү дү 15-августка чейин узартты.  

 Маалыматка ылайык, бул аралыкта өлкөдө массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короолордо үчтөн ашык чогулбоого жана сөзсүз түрдө беткап кийип жүрүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле жашы 65тен өткөн адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталат.

Мындан тышкары, 15-августка чейин коомдук транспорттун, кийим-кече саткан базарлардын, ири дүкөндөрдүн, парктардын, фитнес-клубдардын, бессейндердин, чач тарачтардын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, окуу борборлорунун жана эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат. Коомдук тамактануучу жайларга тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берүү шарты менен гана иштөөгө уруксат берилет.

  Өзбекстанда учурда коронавирус жуктургандардын саны 20 миң 531 кишиге жетти. Алардын ичинен 11  миң 105 адам айыгып, 116 бейтап каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *