Өзбекстан Кыргызстандын картөшкөсүн сатып ала баштады

Мезгил

Өзбекстандын компаниялары Кыргызстандын картөшкөсүн жаңы келишимдер менен сатып ала баштады. Бул тууралуу айыл-чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.

 Министр белгилегендей,  өкмөттүн кийлигишүүсү менен 5 миң тонна картөшкөнү жеткирүү боюнча макулдашуу жетишилген болчу. Андан тышкары, 10дой компания келишимсиз эле, түздөн-түз дыйкандардан өсүмдүктүн  1 килограммын 5-7 сомдон сатып алышууда.

Белгилей кетсек, Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына да коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар чыгып жатканы менен негиздеген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *